"Айыл Банк" ААКсы Баткенге колдоо көрсөтүү максатында жеңилдетилген насыяларды берет
RU

"Айыл Банк" ААКсы Баткенге колдоо көрсөтүү максатында жеңилдетилген насыяларды берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарын мындан ары өнүктүрүү алкагында Баткен облусунда иш алып барган ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Айыл Банк" ААКсы тарабынан жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялар берилип жатат.

Насыя төмөнкү шарттарда берилет:

  • Айыл чарба тармагы – пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, насыянын өлчөмү 1,0 миллион сомго чейин;
  • Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жайы, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлар, Инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү) жана маалыматтык технологиялар тармактарына - биринчи 3 жыл - 0%, андан кийинки 2 жылда - жылдык 3%, мөөнөтү – 5 жылга чейин, кредиттин өлчөмү 10,0 миллион сомго чейин;
  • Туризм, транспорт жана коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү тармактарына - пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, насыянын өлчөмү 10,0 миллион сомго чейин;
  • Соода жана кызмат көрсөтүүлөр тармактарына - пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, насыянын өлчөмү 5,0 миллион сомго чейин;
  • Билим берүү тармагы - пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, насыянын өлчөмү 1,5 миллион сомго чейин.
  • Кредит алуу үчүн арызды "Айыл Банк" ААКтын Баткен облусунда жайгашкан бардык филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө тапшырса болот.

Кененирээк маалыматты ар дайым ab.kg сайтынан же төмөнкү номерлерден ала аласыз:

5511 (чалуу акысыз)

0312 68-00-00

Айыл Банк - сизге жакын!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14748