Хансарайга аталыш тандоо. Садыр Жапаров сунушталган варианттарды тизмектеди
RU

Хансарайга аталыш тандоо. Садыр Жапаров сунушталган варианттарды тизмектеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын маалымдап, хансарайга чогуу аталыш тандоону сунуштаган. Өлкө башчы жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечкенин, жаңы коюлган аталыш тарых болуп каларын айткан.

Бир апта ичинде президенттик администрациясынын жаңы имаратын атоо боюнча жүздөн ашык сунуш түштү. Бул тууралуу Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазды.

"Талкууга жигердүү катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сунушталган варианттардын ичинен төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр: Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо. Ынтымак Ордосу болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай", - дейт.

Президент ынтымагыбыз бекем болсо, баардык ийгиликтер болот деп бегиледи.

"Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос. Ынтымак-Манас Ордобузда "Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!". Эл тарабынан көп варианттар сунушталыптыр, алардын бир тобу окшош экен, - деди өлкө башчы.

Президенттик администрациясын атоо боюнча жалпы 108 вариант сунушталыган. Эл сунуштаган варианттардын тизмеси:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14751