Бишкектин үч мектебине бомба тууралуу маалымат түштү. Баары эвакуацияланууда
RU

Бишкектин үч мектебине бомба тууралуу маалымат түштү. Баары эвакуацияланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-октябрда, саат 12:30да Бишкектин эки мектебине бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Бомба тууралуу маалымат №61 мектебине жана "Илим" жеке менчик мектебине келип түшкөн.

Ошол эле күнү "Газпромдун" мектебине ушундай эле билдирүү келген.

Бүгүн, 18-октябрда саат 09:30 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын "102" кызматына мектептердин биринде жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөнүн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.mediaга билдиришти.

Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана тергөө тобу жөнөп кетти. Мектептин айланасы курчоого алынып, администрация жана окуучулар эвакуацияланган.

Учурда жеринде тиешелүү кызматтардын адистери иштеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14755