Парламентте эки депутат айтышып, мушташа кете жаздады. Видео
RU

Парламентте эки депутат айтышып, мушташа кете жаздады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Бакасов менен Данияр Төлөнов мушташа кете жаздады. Эл өкүлдөрүнүн чыры Транспорт министрлигинин маалыматын угууда башталды.

Тагыраагы, жыйынга транспорт жана коммуникаиялар министри Тилек Текебаев келген жок. Данияр Төлөнов министрдин келишин күтөлү десе, Улан Бакасов министрликтен келген өкүлдөрдүн айткандарын деле уга берели деди. Ача пикирден улам эки депутат талашып-тартышып, алар мушташа кете жаздады. Эл өкүлдөрүн кесиптештери арачалап калышты.

Кийинчерээк журналисттерге депутаттар дароо элдешкенин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14765