Ажылык сапарга каттоо ноябрда башталат. Зыяратчыларга коюлган талаптардын тизмеси
RU

Ажылык сапарга каттоо ноябрда башталат. Зыяратчыларга коюлган талаптардын тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылга ажылык сапарга каттоо ноябрь айында башталат. Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришкендей, зыяратчыларды каттоо 9-ноябрдан 20-ноябрга (кошо эсептегенде) чейин жүргүзүлөт.

Эгер, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орундар толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

Муфтияттан зыяратчыларга катталуунун шарттарын эскертет.

Биринчи жолу бара турган талапкерлер үчүн

Өлкө боюнча бир тизмеге (жандуу тизме) каттоо (Eid) ID-карт паспорттун негизинде 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин РСК банктын иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Жаңы талапкерлер баштапкы 2000 доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөшү шарт. Андан кийин каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) Муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн баштапкы 2000 доллардын дүмуүрчөгүн жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер 2000 долларды жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөбөй туруп каттала алышпайт.

2023-жылы каражаттын жарымын төлөп, каттоого тургандар үчүн

2023-жылы РСК Банкына 1000 доллар төгүп, ажылык базада кезекте турган талапкерлер, 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин РСК Банкка калган 1000 долларды төлөп, 2000 доллар кылып толуктоосу зарыл. Эгер талапкер 2000 долларга толуктай албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.

Төлөмдү толуктаган талапкерлер КМДБнын түзүмүндөгү тиешелүү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн толуктоочу 1000 АКШ долларын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды (перечень документов) тапшыруусу милдеттүү.

Ажылык сапарга баруучуларга коюлган талаптар

  • 2024-жылы ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  • Ажылык наркынын ичинен алдын ала баштапкы 2000 доллар РСК Банкына (ажылык-2024 эсебине) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы керектелет.
  • Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2023 эсебине) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы керектелет.
  • Тышкы паспорту: электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл. Тышкы паспорттун колдонуу мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрь айына чейин бүтсө жарактуу болуп саналат.
  • Аялдар үчүн махрамдын (жакын адамдарынын бири) болуусу шарт. Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1979-жылы февраль айында төрөлсө, метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми март айында төрөлсө документтин түп нускасы талап кылынат.
  • 3×4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт. Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган кагазда болуусу шарт. Аялдар сүрөткө ак же кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшсө сүрөт жараксыз болот.
  • 2023-жылы ноябрь айында алынган №086у формасындагы медициналык маалымкат.
  • Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу.
  • Келишимге кол коюу жана ажылык серверге киргизүү. ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу.
  • Ажыга баруучунун кийиминин өлчөмү жана жеке телефон номери каттап жаткан операторго берилүүсү талап.
  • Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт. 2024-жылы 18 жашка толо турган жарандар ажыга барууга укуктуу).
  • Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14802