"Альянс Алтын" салык түрүндө Кыргызстандын бюджетине 13,8 миллиард сом төлөдү
RU

"Альянс Алтын" салык түрүндө Кыргызстандын бюджетине 13,8 миллиард сом төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2015-жылдан бери "Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 13 миллиард 804,1 милллион сом чегерген. Аталган сумманын 4 миллиард 295,3 миллион сому 2023-жылдын январь-октябрь айларында төлөнгөн.

Бюджетке төгүлгөн салыктын жалпы суммасынан 9,5 миллиард сом алтынды сатуудан түшкөн кирешенин эсебинен төлөнгөн.

Быйыл 10 айда "Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана сактоого сатуудан түшкөн каражаттан 2%" беренеси боюнча 995,2 миллион сом чегерилип, анын ичинен:

  • Талас облусун өнүктүрүү фондуна 497,6 миллион сом;
  • Талас районун өнүктүрүү фондуна - 298,5 миллион сом;
  • Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүүгө 199 миллион сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө "Альянс Алтын" ЖЧКсында 857 кызматкер эмгектенет. Алардын 832си – Кыргызстандын жарандары, 25и – чет элдик адистер. Жалпы кызматкерлердин 60%дан ашыгын Талас облусунун тургундары түзөт. Жумушка алынардан мурда компания тарабынан 361 адам тоо-кен тармагы боюнча окутуудан өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө алардын арасынан 222 киши тандоо комиссиясынан өтүп, Жерүй кенине ишке орношкон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14845