China Zheshang Bank менен "Айыл Банк" ААКтын өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу болду
RU

China Zheshang Bank менен "Айыл Банк" ААКтын өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
2023-жылдын 1-ноябрында Кытай Банкынын өкүлдөрү: башкы менеджери Mi Yiqun, вице-президенти Richard Xioa, технология жана каржы директору Lin "Айыл Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Алимджанов Т.Б. жана төраганын орун басарлары: Норузбаев Ж.Ш., Мусуралиев Н.С., Боронбаев У.А. менен расмий жолугушту.

Тараптар узак мөөнөттүү кызматташтыктын келечегин, корреспонденттик эсеп ачууну жана өнөктөштүк мамилелерди курууну талкуулашты.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү 12 млрд АКШ долларын түзөт. Эки өлкөнүн ишкерлери жана бизнес өкүлдөрү үчүн кытай валютасында юань жана доллар менен эсептешүү мүмкүнчүлүгү чоң артыкчылык болуп, бардык иш процесстерин тездетет", - деп белгиледи China Zheshang Bank`тын өкүлү.

Ал эми "Айыл Банк" ААКтын башкармалыгынын төрагасы: "Корреспонденттик эсепти ачуу эл аралык деңгээлде мындан аркы соода-өнөр жай мамилелерин ишке ашыруу үчүн эшиктерди ачат", - деди.

Банк өкүлдөрү узак мөөнөттүү кызматташтык, корреспонденттик эсеп ачуу жана өнөктөштүк мамилелерди куруу сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Айыл Банк – сизге жакын!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14854