Эгиз кыздарын сабаган келин камакка алынып, мындай кадамга эмне үчүн барганын түшүндүрдү
RU

Эгиз кыздарын сабаган келин камакка алынып, мындай кадамга эмне үчүн барганын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бөбөктөрдү сабаган келин камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалым болгондой, эгиз кыздарды сабап жаткан видео 6-ноябрь күнү милиция тарабынан териштирүү үчүн каттоого алынган.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө балдарды уруп жаткан келин Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон.

Келин 2 жаштагы эгиз кыздары заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде Д.С`нын үстүнөн 138-берене (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынды.

Учурда бөбөктөрдүн алган жаракаттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, тиешелүү мамлекеттик социалдык мекемелер жумуштарын алып барып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14891