Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын туулган күнүндө конок болгон видеосу тарады
RU

Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын туулган күнүндө конок болгон видеосу тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетте министрлер кабинетинин азыркы жетекчиси Акылбек Жапаровдун кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевдин апасынын мааракесине арналган салтанатта жүргөн видеосу жарыяланды.

Анда Жапаров сөз сүйлөп, куттук айткан.

"Урматтуу Мая эже! Урматтуу агайын-туугандар, баарыңыздарды жаркыраган май майрамы менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер.

Советтер союзунун доорунда өскөн киши катары жаз майрамды баарыбыз эле жакшылык менен эстеп жатсак керек.

Мая эже сизге эми..."Бир күн кылымга тете" деп Чыңгыз Төрөкулович Айтматов айткандай, ушул күнгө чейин канчалык кыйынчылыктарды, канчалык татаал жолдорду өткөргөнүңүз бир Кудай аны өзү эле билбесе, баарыбыз аны жакшылык жагынан эле карап жүрөбүз.

Эжебиздин маарекесинде бир нерсени айтып коюуну туура көрүп жатам. Мал-жан аманбы деген кыргызда - саны көп бирок, сапаты аз мал баккан жарашпайт экен. Ушу 25 жылдан бери кыйналып жүрөбүз. Анан ушу кыргызда асыл тукумдуу малдарды өстүрүп, алардын соода-сатыкка жарай турганын, бери десе 500 долларга койду, тайды 5000 долларга чыгарсакпы деген жакшынакай ой-тилектер бар. Ал үчүн асыл тукумдуу мал менен алек болушубуз керек экен.

Негизи эле биз, өзүбүз ошол асыл тукум, урук тукум ким экенин билбей малдын артынан ээрчип жүрүп, мал сыяктуу болуп бара жатабыз да.

Ошондуктан мына Таберик байке туура айтты: Мурун ким элек, азыр кимбиз. Урук-жааттарын да айта кеткендей... Мая эжебиздин тилегин орундатыш үчүн, урматтуу агайын-туугандар, бери дегенде 10 жыл, ары дегенде 20 жыл керек. Ошондуктан Мая эжебизге ден соолук каалап, уулдарына да буюртма берели, бери дегенде 10 жыл, ары дегенде 20 жыл жакшылап багып бериңиздер. Бул кишинин кажыбас кайраты бар. Ошол ойду биз турмушка ашыралы.

Аман болуңуздар баарыңыздар, бар болуңуздар!", - деп сүйлөгөн.

Мааракеде "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов, Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев жана башка саясатчылардын да жүргөнүн көрүүгө болот.

Видео качан тартылганы белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14898