Бишкекте 45 кабаттуу мейманкананын курулушуна капсула салынды. Комплекс кандай болот?
RU

Бишкекте 45 кабаттуу мейманкананын курулушуна капсула салынды. Комплекс кандай болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров көп функциялуу Manas Tower 45 мейманкана комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, мындай курулуш өлкө тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

Курулушту ишке ашырууга президенттин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Куруу иштери 2,5 - 3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Долбоорго ылайык, комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 унаага ылайыкташкан аянт болот.

Президент баса белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөбүздө курулуш тармагы ыкчам өнүгө баштады.

Мамлекеттик саясат кайсы гана тармакта болбосун, инвесторлордун ийгиликтүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт алды, бул үчүн ар кандай преференциялар - жеңилдиктер берилүүдө.

Садыр Жапаров өлкөбүздө ички туризм менен кошо тышкы туризм да өсүп жатканын кошумчалады. "Бизнес жана ишкерлик жаатындагы кызматташуунун географиясы да кеңейүүдө. Булардын натыйжасында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген меймандардын саны артууда. Көптөгөн эл аралык иш-чаралар, саммиттер жана конференциялар өткөрүлүүдө. Мындай шартта мейман күтүүдө жана тейлөөдө жогорку, сапаттуу деңгээли бар эс алуу жайларына суроо-талаптын өсүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат".

Долбоорго ылайык имараттын эң үстүндө тик учак аянтчасы жана панорама аянтчасы калаа тургундары менен меймандарына 200 метрден ашуун бийиктиктен Бишкек шаарыбызга көз чаптырып, анын кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк тартуулайт дешет администрациядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14940