"Black Friday" арзандатуулар жөнүндө эмес экенин билет белеңиз?
RU

"Black Friday" арзандатуулар жөнүндө эмес экенин билет белеңиз?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноябрдын акыркы жумасы жакындап калды, демек, жыл сайын дүйнө жүзүндө өтө турган "Black Friday" арзандатуулары башталат. Дал ушул күнү көптөгөн дүкөндөр жана соода борборлору ар кандай товарларга, айталы, тиричилик техникасынан баштап, косметика жана кийим-кечеге чейин 80%га дейре арзандатууларды сунуштайт. Чынында, эң алгач "Black Friday" арзандатуулар менен эч кандай байланышы болгон эмес. Бул жана башка кызыктуу фактылар тууралуу төмөндөн окуй аласыз.

1. Бул өзү эмне?

"Black Friday" термини алгач 60-жылдары АКШда пайда болгон, "Ыраазычылык күнүнөн" (Түндүк Америка майрамы) кийин жаралган жол тыгындары менен байланыштуу. Терминдин экинчи мааниси: "in the black", чечмелегенде "түзүк банктык баланс" дегенди билдирет.

2. Триллион доллар!?

"Black Friday" күнүнөн кийин "Кибердүйшөмбү" келет, бул "Ыраазычылык күнүнөн" кийинки мезгилдеги онлайн-сатууну шарттайт. Улуттук чекене соода ассоциациясынын (NRF) маалыматы боюнча, 2022-жылы "Black Friday" менен "Кибердүйшөмбү" күндөрү жалпы суммасы 1,2 триллион долларды түзгөн дүйнө жүзү боюнча 1,9 миллиарддан ашык сатып алуулар жүргүзүлгөн.

3. Өзгөчө сатып алуу

"Black Friday" күнү жүргүзүлгөн өзгөчө сатып алуу - бугу болгон. 2022-жылы америкалык бир адам Costco дүкөнүнөн 1200 долларга тирүү бугу сатып алган.

4. Ким эң көп сатат?

Бүгүнкү күндө сатып алуучулардын саны боюнча eBay үчүнчү орунду ээлейт - дүйнөдө 180 миллиондон ашык активдүү сатып алуучулары бар. Ал эми Alibaba экинчи орунда: 2022-жылы анын дүйнөдөгү активдүү сатып алуучуларынын саны 1,3 миллиарддан ашкан. Ал эми лидерликти дүйнөдөгү 300 миллиондон ашык активдүү сатып алуучулары менен Amazon алат. Өткөн жылга карата Amazon компаниясынын "Black Friday" күнүндөгү сатуусу 12,8 миллиард АКШ долларын түзгөн. Евразиянын электрондук коммерция рыногуна токтолсок, Wildberries боюнча 2022-жылы сатылган товарлардын саны 1,9 миллиард даана болсо, Ozon боюнча 179,3 миллион бирдикке чейин өскөн.

5. "Black Friday" дагы бир өзгөчөлүгү

Быйыл да Кыргызстанда "Black Friday" күнү өтөт. Дүкөндөр кардарларын арзандатуулар менен кубантуу үчүн катуу даярдык көрүп жатышат. Кээ бирөөлөр накталай төлөм жүргүзүү үчүн кассага кезекке турса, башкалар QR код менен оңой эле төлөп чыгып кете алат. QR код менен төлөө эң жеткиликтүү жана экологиялык жактан таза төлөм ыкмасы болуп саналат. Болгону смартфон жана QR код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар банктык тиркеме гана керек. Бул үчүн Халык Банк Кыргызстан "Halyk" мобилдик тиркемесин сунуштайт. "Halyk" тиркемеси менен QR кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүп гана тим болбостон, минималдуу комиссия менен күнү-түнү дебей акча которосуз. Кайсы жерде болбоңуз – үйдө, дүкөндө же кеңседе – банк эсебиңиз дайыма колуңузда болот. Ошондой эле "Halyk" тиркемеси менен бул аракеттерди аткара аласыз:

• Мамлекеттик кызматтарды комиссиясыз төлөө;

• Онлайн депозит ачуу жана киреше алуу;

• Банктын кеңсесине барбастан онлайн насыя алуу;

• Google Pay кызматына туташуу;

• Кыргызстандын башка банктарынан алынган кредиттерди комиссиясыз төлөө;

• 500дөн ашык кызматтарды акысыз төлөө;

• Кыргызстандын башка банктарынын карталарына акча которуу.

Тиркемени Google Play жана App store жүктөп алууга болот.

"Black Friday"– гардеробду жаңыртып, жакындарга белек тартуулоо гана эмес, достор менен жолугуп, көңүл ачууга үчү сонун мүмкүнчүлүк. Күнүңүздү алдын ала пландаштырып, арзандатуулардан ырахат алып, аң-сезимдүү соода кылыңыз! Бул күнү Кыргызстандын Халык Банкнын QR коду менен төлөм жүргүзүү ишенимдүү шеригиңиз болот.

* "Halyk" мобилдик тиркемеси абройлуу эл аралык Global Banking and Finance Review (Улуу Британия) журналынын версиясы боюнча "Кыргызстандагы эң инновациялык чекене банкинг колдонмосу – 2022" престиждүү сыйлыгына татыктуу болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15002