Депутат көзү ачыктардын кызматтарын жарнамалоого тыюу салууну сунуштады
RU

Депутат көзү ачыктардын кызматтарын жарнамалоого тыюу салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Марлен Маматалиев оккульттук кызматтарды жарнамалоого мыйзамдуу түрдө тыюу салууну сунуштоодо. "Жарнама жөнүндө" Мыйзамга толуктоо киргизүү Жогорку Кеңештин сайтында талкууга чыкты.

Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир окульттук, магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүүдөн жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты.

"Турмуштук татаал кырдаалда тургандар көп учурда өзүн экстрасенс жана сыйкырчы деп атагандарга кайрылат, алар келип чыккан көйгөйлөрдү өздөрүнүн демейдегиден башкача ыкмаларынын жардамы менен толук жок кылууга кепилдик берет.

Мындай кырдаалда жогоруда белгиленген алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегет.

Айласы кетип турган адам анын бардык кайгы-капасын жана көйгөйлөрүн жоюуга убада берген ар кандай адамга ишенүүгө даяр. Психологиянын жардамы менен адамдардын башын айлантуу жагынан зор тажрыйбага ээ болуу менен алар кайрылган жаранга анын келечегин, өткөндөгүсүн жана башкаларды көзү ачыктык кылып айтып берет. Жогорку технологиялардын жана илимий прогресстин кылымы болгон азыркы учурда өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес", - дейт депутат.

Сунушталып жаткан толуктоолор жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө түшүнүктү так чектөөгө, атап айтканда, ак ниетсиз жарандар тарабынан алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюуну киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15011