Бишкекте 10 сойкукана аныкталып, ээлери жана кыз-келиндер кармалды. Видео
RU

Бишкекте 10 сойкукана аныкталып, ээлери жана кыз-келиндер кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, сойкуканалардын бүтүндөй тармагы аныкталып, бөгөт коюлду.

Белгилүү болгондой, 26-ноябрга караган түнү Бишкек шаарынын бир катар даректеринде тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды.

Көмүскө жайлардын уюштуруучусу жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 кыз-келин, алардын арасында борбордогу ЖОЖдордун студенттери да кармалды.

Тинтүү учурунда бул мекемелердин ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-берене ("Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо") менен кылмыш иши козголуп, сойкуканалардын 10 уюштуруучусу жана ээлери кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча максаттуу иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15032