Депутаттар кесиптеши Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди
RU

Депутаттар кесиптеши Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-январда Жогорку Кеңеште депутаттар кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокурордун сунушун колдоду.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиев 2022-жылы Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевге колдоо алыш үчүн жолгууга Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнүн депутат Алишер Эрбаев Жогорку Кеңеште комиссиянын корутундусун окуп жатып билдирген.

Ал эми, 9-январда депутат Эмил Жамгырчиев кесиптешинин бөлмөсү аркылуу, Жогорку Кеңештин экинчи кабатынан секирип кеткени белгилүү болгон. Эл өкүлү азыр кайра экени белгисиз. Ал "чек араны мыйзамсыз өтүүгө" шектелип жатат. Депутат муну саясий куугунтук деп эсептейт.

Парламентте учурда Жамгырчиевди жоопко тартуу маселеси каралып жатат. Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15288