Садыр Жапаров Апрель окуясынын катышуучулары менен жолукту
RU

Садыр Жапаров Апрель окуясынын катышуучулары менен жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-январда президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу президенттин администрациясында өтүп, ага 200дөн ашык киши катышты.

"Жолугушууда Апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары өздөрүнүн маселелерин айтып, президентке суроолорун узатышты. Мамлекет башчы Садыр Жапаров суроолорго жооп берип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди", - деп айтылат билдирүүдө.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Миңден ашуун адам жарадар болуп, кийин аянтта каны төгүлгөндөрдү кошкондо 150дөн ашуун киши каза тапкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15314