Сүйүшкөндөр күнүнө карата ТОП 6 романтикалык белектер
RU

Сүйүшкөндөр күнүнө карата ТОП 6 романтикалык белектер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Февраль айы, аны менен бирге эң романтикалык дата "Валентин күнү" жакындап келе жатат. Аны "сүйүү күнү" деп да коюшат. Заманбап жашоодо айтылуу дата биз үчүн кымбат адамдарды эстеп жана аларга сүйүүбүздү билдирүү үчүн эң сонун учур. Бул күндү өзгөчө өткөрүү үчүн сүйүшкөндөр бири-бирине жагымдуу сюрприздерди тартуулашат. Көбүнчө алар бири-бирине белек аркылуу көңүл бөлүшөт.

Келгиле, Валентин күнүн унутулгус өткөрүү үчүн кыздарга эле эмес, жигиттерге да эмне белектерди берсеңиз болот карап көрөлү.

Кийим-кече. Бул моюн орогуч, кофта, бут кийим же баш кийим сыяктуу ыңгайлуу, үйгө ылайыкталган нерсе болушу мүмкүн. Бул белектер өнөктөшүңүзгө сүйүүңүздү жана камкордугуңузду анын жанында болбогон учурда да эстетип турат.

Сертификат. Эмне тандоону билбей жатсаңыз, сертификат бериңиз. Ал сертификат курортко, кызыктуу мастер-класска, косметика же кызыктуу бестселлер сатып алуу үчүн болушу мүмкүн.

Зер буюмдар. Зергерчиликке келсек, азыр айымдар үчүн гана эмес, эркектер рыногунда абдан ар түрдүү жана креативдүү сунуштар көп. Бул нерсе эсте калчу белекти табууга жардам берет. Сиз өзүңүзгө же сүйүктүүңүзгө жаккан сөздөр чегилген кулон же билерик берип сезимдериңизди билдире аласыз.

Техника. Азыр дүйнө тездик менен өнүгүп жатат жана белек катары көптөгөн пайдалуу универсалдуу гаджеттер сунушталат: атактуу Dyson чач кургаткычтарынан тартып, унаалар жана үй үчүн акылдуу техникалар. Айтор, тандоо кенен жана алардын бардыгын онлайн дүкөндөрдөн сатып алууга болот.

Саякат. Саякаттоого белек – жүрөгүңүздү узак убакытка жылыта турган эстеликтерди жаратуунун эң сонун жолу. Башка өлкөдө болгон укмуштуу окуябы же табияттагы жайлуу эс алуубу, айтор, саякаттоодон кийин сизде кийин эстей турчу толтура көз ирмемдер болот.

Ресторандагы романтикалык кече. Эч качан модадан чыкпай турган классика жанры. Түгөйүңүздү сүйүктүү рестораныңызга кечки тамакка чакырыңыз. Бул бир гана даамдуу тамак эмес, ошондой эле руханий баарлашууга боло турган ээн жер болушу мүмкүн. Күңүрт жарык жана кызыктуу атмосферадагы баарлашуулар сезимдерди билдирүү үчүн уникалдуу чөйрө.

А эгер бул мүмкүнчүлүк сизге толугу менен бекер болсочу?

10 000 сом депозит алып, өнөктөшүңүз менен Бишкектеги эң мыкты ресторандардын бирине барыңыз. Кызыктуу бекен?

Халык Банк Кыргызстан сизге ушундай мүмкүнчүлүк берет! @halykbank.kg Instagram баракчасында эки кишилик романтикалык кечки тамакка лотерея ойнотулууда. Жөн гана @halykbank.kg инстаграм баракчасына катталыңыз:, сынактын постуна лайк басып, @halykbank.kg дегенди белгилеп сториске бөлүшүңүз жана посттун комментарийинде үч досуңузду белгилеңиз. Жеңүүчү 8-февралда аныкталат. Кененирээк маалыматты @halykbank.kg баракчасынан алсаңыз болот. Жолугушуу, жылуу сөздөр жана белектер - бул күндү өзгөчө кылаарына ишениңиз.

Ар бир күн шаңга толсун!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15439