Бишкектеги автобуста контролёрго кол көтөргөн жаранга айып салынды
RU

Бишкектеги автобуста контролёрго кол көтөргөн жаранга айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №226 автобуста контролёрго кол салган жүргүнчү аныкталып, айыпка жыгылды. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан билдиришти.

Белгилесек, жол кире көтөрүлгөндөн кийин коомдук транспорттордо контролёрлор иштеп, накталай эмес төлөмдү көзөмөлдөп, "Тулпар" карталарын сатат.

№226 автобуста жүргүнчү башка бирөөнүн "Тулпар" льготалык картасын колдонгон. Аны аныктаган контролёр жүргүнчүдөн картасын алмакчы болгон. Бирок жүргүнчү каршылык көрсөтүп, контролёрге кол салган.

Укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттеринин аркасында мыйзам бузду делген Л.К.Ю. аныкталып, Свердлов райондук сотунун чечими менен административдик жоопкерчиликке тартылды. Тагыраагы, ага 5500 сом айып салынды.

Бишкек шаардык мэриясы картаны башка адамдарга өткөрүп берүүгө жана башка бирөөнүн жеке картасын колдонууга тыюу салынарын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15487