Нилуфар Алимжанова: Каржы секторуна аял жетекчи болушу керек
RU

Нилуфар Алимжанова: Каржы секторуна аял жетекчи болушу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясаттагы айымдардын санынын аз болушуна эмне себеп болуп жатат? Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты Нилуфар Алимжанова менен маектештик. Ал Kaktus.kg редакциясына аялдардын саясаттагы ордунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Нилуфар Алимжанова - Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты. Ал башынан эле саясатка жакын экенин айтат.

"Сыналгыдан башка депутаттарды көрүп "алардын ордунда мен болгондо" деп ойлонуп койчумун. Саясаттагы айымдарды көрүп, өзүмдү ошолордун ордунда элестетип, кыялданчумун. Бизде менталитет, табрия, салттуу патриархалдык коом бар. Көбүнчө бизде аял киши үйдүн жумушу менен, бала-чака менен үйдө олтуруш керек деген стереотиптер бар. Бирок канчалаган изилдөөлөргө таянсак, аял кишини каржы секторуна жетекчи катары коё турган болсок, жемкорчулук азаят экен. Бул илимий жактан далилденген. Муну менен аял киши кайсыл ишке барбасын, жемкорчулуктан алыс болуп, таза иштегени тырышат деп айтсак болот. Себеби, аял киши өзүнүн кадыр-баркы, жакындарынын аброюн көп ойлойт. Ошого байланыштуу каржы тармагын деле аялдарга бериш керек", - дейт депутат.

"Кыргызстандын айымдарынын өзгөчөлүгү - алар кыйынчылыктан коркпойт"

Нилуфар Алимжанова айымдар социалдык маселелер менен эле чектелбейт дейт. Ал мамлекеттин бюджетин бекитип жатканда курч суроолордун, маселелердин көбүн айым депутаттар козгойт деп кошумчалады.

"Өзгөчө, зордук-зомбулук темасы. Бул маселени бардык депутат айымдар көтөрөт. Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Гендердик теңчилик, аялдардын, балдардын укуктары боюнча кеңеш бар. Ошол жерде көптөгөн тегерек столдор өтөт. Биз ошол жыйындарда көптөгөн курч маселелерди көтөрөбүз", - деди Алимжанова.

Депутат жакындарынын колдоосунун аркасында азыр Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында эл өкүлү болуп отурганын белгилейт. Ал жер-жерлерден шайланып келген депутат мырзалар да колдоо көргөзүп жатканын кошумчалап, башка жылдарга салыштырмалуу айымдарга, балдарга карата зордук-зомбулук маселесине үн катып жаткандарын айтты.

"Азыркы эркек кесиптештер айымдарды колдоп турат. Айымдарга аябай жакшы мамиле көрсөтүшөт. Айымдарга болгон кысым болбойт.

Учурда коомдогу айымдарга, балдарга карата зордук-зомбулуктун санынын көбөйүшү боюнча эркек депутаттар маселе көтөрүп жатышат. Бир жыл мурда, менин байкашымча эркектер бул маселени көтөрүшчү эмес. Бирок азыр бул тема боюнча чоң трибунага чыгып, айтып жаткандар көп", - дейт депутат.

Нилуфар Алимжанова Кыргызстандын калкынын санынын дээрлик 50 пайызы айымдар болгондон кийин, жергиликтүү кеңештен тартып, Жогорку Кеңеште дагы айымдардын саны азыркыдан көбүрөөк болушу керек деп эсептейт.

"Аял киши сөзсүз түрдө болушу керек. Аялдын үнү болушу керек. Аялдар көтөргөн маселелер балким, эркектер тарабынан абдан майда көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул күнүмдүк жашоодогу маанилүү маселелер. Ошол эле бала бакча, мектеп, балдардын тарбиясы, билими, саламаттыгы... Мунун баарын көбүнчө айым депутаттар көтөрөт.

Бир мандаттуу система менен бир эле айым депутат болуп келди. Бул система менен да көбүрөөк депутат айымдар келсе, жок дегенде 50/50 болсо жакшы болот эле. Мисалы партия менен талапкер болгондор жарнама сындуу бардык кошумча ишке каражатты бирдей бөлүшүп алышат. Бул алда канча жеңилирээк. Ал эми бир мандатуу система менен шайлоого аттангандар ал чыгымдын баарын өзү көтөрөт. Эгер, үйдө отурган айым эле депутат болгусу келсе, албетте анын анча каражатты чогултуусу кыйынчылык жаратары анык. Ушул себептен улам бир мандаттуу система менен шайлоого аттанган айымдар дээрлик жокко эсе", - деп белгиледи депутат айым.

Алимжанова ошол эле депутат үйдө бирөөнүн жары, бирөөнүн келини, балдардын апасы жана эң башкысы үй кожойкеси экенин унутпоо зарыл деп эсептейт. Ал үйдөгү кошумча милдеттенмелерди эч ким жойбогонун айтып, үй-бүлөнүн колдоосу саясаттагы айымга абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15514