Бишкекте балдардын аянтчасында ойногон жигиттер изделүүдө
RU

Бишкекте балдардын аянтчасында ойногон жигиттер изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ынтымак-2" сейил багындагы балдар үчүн оюн аятчасындагы аттракциондордо чоң адамдар ойноп, этиятсыз мамиле кылышкан. Видео интернетке тарап, жигиттердин кылыгы көпчүлүктүн кыжырын келтирди.

Октябрь РИИБден бул факты каттоого алынганын, сотко чейинки текшерүү иштери башталганын маалымдашты.

Учурда милиция кызматкерлери видеодогу жарандарды издеп табуу аракетин көрүп жатышканы белгилүү болду. Башкармалыктан кошумча маалымат берилерин убадалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15581