Жогорку Кеңешке 2 депутатты шайлоого канча чыгым кетери белгилүү болду
RU

Жогорку Кеңешке 2 депутатты шайлоого канча чыгым кетери белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШК Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин ордуна депутаттарды шайлоого кеткен чыгымдын сметасын бекитти.

Белгилесек, №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган.

БШКнын маалыматына ылайык, эки округ боюнча шайлоого 23934 миң сом чыгым кетет. Анын ичинен:

  • 11778 сом - шайлоону уюштурууга борборлоштурулган чыгашалар: маалымдо, комиссияларды окутуу, байланышты камсыз кылуу, маалымат материалдарын жана шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатылуучу материалдарды аймактарга жеткирүү ж.б.
  • 12156 сом – эки округдук шайлоо комиссиясынын жана 143 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу үчүн.

Шайлоону камсыз кылуу үчүн эки округдук комиссияга - 29 мүчө, 143 участкалык комиссияга – 1753 адам, автоматтык эсептѳѳчү урналардын - 66 оператору жана техникалык колдоо топторуна 35 адис тартылат.

2024-жылдын 5-мартына карата алдын ала маалыматтарга ылайык эки райондо 223560 шайлоочу бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15680