Өзгөндөгү базарда кафе өрттөндү. Өрт өчүрүүчүлөргө жергиликтүүлөр жардамташты
RU

Өзгөндөгү базарда кафе өрттөндү. Өрт өчүрүүчүлөргө жергиликтүүлөр жардамташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-декабрда, Өзгөн шаарынын базарында жайгашкан кафелеринин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media'га ӨКМдин дежүр кызматы маалымдады. Өрт Манас көчөсүндө жайгашкан, "Сейил" кафесинен чыккан.

Өрт өчүрүүчү бригада чакыруу болгон жерге 11:55те келсе, экинчи бригада андан беш мүнөт өткөндөн кийин келди. Бардыгы болуп үч өрт өчүрүүчү бригада иштеди. Келгенден кийин бир саат өтүп, өрт чектөөгө алынган. Саат 13:10до толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала берлиген маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерден социалдык тармакты колдонуучулар видеолорду жүктөшкөн. Андан жергиликтүү тургундар да кол-кабыш кылып жүргөндөрүн байкоого болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/156