"Апаке" фонду маданиятты өнүктүрүү үчүн кайрымдуулук социалдык долбоорун ачат
RU

"Апаке" фонду маданиятты өнүктүрүү үчүн кайрымдуулук социалдык долбоорун ачат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданиятты өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу үчүн эң мыкты ИДЕЯларга ачык сынак жарыялайбыз. Биздин сынак искусство жана маданият дүйнөсүндөгү ар түрдүүлүктү илгерилетүүгө багытталган мекендештерибиздин идеяларына дем берүүчү жана колдоонун булагы болот.

Маданий жетишкендиктердин тарыхында өз изиңизди калтырууга даярсызбы? Сиздерди сынакка кошулуп, чыгармачылык эргүүнүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн жолунда бирге басууга чакырабыз!

Сынакка катышуу маданиятты өнүктүрүүдө жана чыгармачылык потенциалды колдоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Биздин сынакка катышуу - бул сизди курчап турган дүйнөнү өзгөртө турган ИДЕЯЛАР аркылуу өзүңүздү көрсөтүүгө шыктандыруучу өзгөчө мүмкүнчүлүк.

Апаке фондунун ою боюнча эң мыкты ИДЕЯларды акчалай сыйлыктар күтөт. Эң мыкты чыгармачыл идея үчүн сынактын байге фонду - БИР МИЛЛИОН сом.

Жалпысынан 7 орунга сыйлык жарыяланат!

Арыз берүү мөөнөтү 2024-жылдын 30-мартына чейин узартылды!

Сынак тууралуу кененирээк https://www.apake.kg/kg/project/idei-dlya-kultury/ сайтынан же биздин Instagram, Facebook социалдык түйүндөрүбүздүн профилдеринен окуңуздар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15742