Бишкекте жылуулук берүү 25-марттан тарта өчүрүлө баштайт
RU

Бишкекте жылуулук берүү 25-марттан тарта өчүрүлө баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-мартта Бишкекте жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу маалыматты шаар бийлиги ырастады.

Мэриядан билдиришкендей, жылуулукту өчүрүүдө март айына карата аба ырайынын божомолу жана абанын сырттагы температурасы эске алынды. "Бишкек шаарындагы 2023/2024-жылдын жылытуу мезгилинин аякташы жөнүндө" буйрукка мэр Айбек Джунушалиев кол койду.

Белгилесек, Бишкек шаарында жылытуу мезгили былтыр 31-октябрда башталган.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарында кышкы жылытуу мезгили 25-марттан баштап токтотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15783