1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 11 тыйынга көтөрүлөт
RU

1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 11 тыйынга көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 1-майынан тартып бардык акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерм 10,8%га жогорулашы күтүлүүдө. Бул электр энергиясына болгон баа 11 тыйынга көтөрүлөт дегенди түшүндүрөт.

"Энергетика министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" документтин долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аталган тарифтик саясат 2025-жылга чейин бардык топтогу керектөөчүлөр үчүн өткөн жылдын факт жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлинде жыл сайын түзөтүүлөрдү киргизүү менен тарифтерди белгилөөнү карайт. Ошентип 2024-жылдын 1-майынан тартып электр энергиясынын тарифи өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп 10,8 пайызга жогорулайт", - деп айтылат маалыматта.

Калк үчүн электр энергиясына болгон тариф 700 киловатт саат көлөмгө чейин 1 сом өлчөмүндө белгиленген. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, өздүк нарк 2 сом 41 тыйын болду. Ошондой эле 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, энергетикалык компаниялардын факт жүзүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде киреше – 28,9 миллиард сомду, чыгаша 35,5 миллиард сомду түздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15786