Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери каза болду
RU

Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин аппаратынын Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн эксперти Кадыров Асылбек Аскарович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында ЖКдан маалымдашты.

Буга чейин депутат Эльвира Сурабалдиева ЖКнын кызматкери ишембилик учурунда каза болгонун билдирген.

Өмүр жолу:

Асылбек Кадыров 1964-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ишке орношуп, аппараттын Маалыматтык жана программалык-техникалык камсыздоо бөлүмүндө улук консультант, эксперт жана сектор башчы катары 2005-жылга чейин кызмат кылган.

2005-жылы аталган бөлүмдүн башчысынын орун басары болуп дайындалып, 2011-жылдан тарта Маалыматтык технологиялар бөлүмүн жетектей баштаган.

Дээрлик 10 жыл бөлүмдү башкарып, аппараттын ишин өнүктүрүү багытында үзүрлүү эмгектенген. Акыркы мезгилдери эксперттик кызмат ордунда ишин улантып жаткан.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Kaktus.kg сайтынын эмгек жамааты Кадыровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15992