Өлкөдө согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет
RU

Өлкөдө согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду.

Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынды.

2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзөт.

Тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө президенттин фондунан 4 млн 141 миң сом бөлүү тапшырылды:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
  • Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16041