Молдошева нааразы болгон кофеканада иштеген жигит окуя боюнча өзүнүн версиясын айтты
RU

Молдошева нааразы болгон кофеканада иштеген жигит окуя боюнча өзүнүн версиясын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стилист, дизайнер Замира Молдошева Бишкектеги кофеканалардын биринде "кыргыз тилинде сүйлөөгө болбойт экен" деген нааразычылыгын социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Анын билдирүүсү сын-пикир жаратып, кийинчерээк Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия кофеканага эскертүү берилгенин маалымдады.

Kaktus.kg редакциясына аталган кофеканадан комментарий берүүдөн баш тартышкан. Бирок бир нече убакыттан кийин мекемеден окуя кандай болгонун кеңири түшүндүрүштү. Кофеканада иштеген жигиттин айтымында, стилист Замира Молдошева провокациялык видеого тартылууну сунуштаган. Ал күнү стилистти жана аны менен чогуу келгендерди ошол жигит тейлеген.

"Менин атым Улукбек. Мен "Мишель" кофеканасында официант болуп иштейм. Замира Молдошева айым менен болгон окуя жөнүндө билдирүү жасагым келип турат. Анткени мен тейлөө көрсөткөм. Ошол күнү алар чоң топ болуп келип, 3 столду ээлешти - балдар өзүнчө, чоңдор өзүнчө отурушту. Менюну көрсөттүм, 20-25 мүнөттөй эч кандай буйрутма бербей, бизди (официанттарды) чакырбай, эч нерсе сурабай отурушту. Алар максаттуу келгендей таасир калтырды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин алар мени чакырып, видеого тартылууну сунуштады.

Мага "орусча буюртма ал, мен сага кыргызча жооп берем" деди. Ал: "Бул видео кыргыз тили боюнча курстарыма керек. Сенин жүзүң көрүнбөйт, үнүң эле угулат" деп айтты. Видеодо мен эне тилимди билбегендей түр көрсөтүшүм керек болчу.

Биздин мекеменин ичинде уруксат алмайынча официанттарга ар кандай видеого тартылганга болбойт. Мен менеджерден уруксат алыш керек деп, аны чакырдым. Менеджер "мекемеде андай видео тартканга болбойт" деп түшүндүрдү.

Анткени анын сунушу провокациялуу болчу. Себеби, биздин мекемеде бардык официанттар эне тилин билишет, кыргызча меню да бар. Коноктор менен бардык тилде, анын ичинде кыргызча да сүйлөшөбүз, башкысы кардарларга ыңгайлуу болсо болду. Баш тарткандан кийин анын маанайы түшүп "жок дегенде тамак жесе болобу?" деди. Албетте болот деп, алардан кыргызча эле буюртма алдым. Жакшынакай эле тамактанып чыгып кетишкен, эртеси эле нааразы болгон видеосу жарыя болду. Биз аябай таң калдык", - дейт жумушчу.

Улукбек кошумчалагандай, кофеканада ар кандай майрамдар өткөрүлөт. Өлкөдө Кыргыз тили күнү белгиленгенде макал-лакап айткан конокторуна таттууларды берип, Ак калпак күнүндө улуттук баш кийимди кийгенин айтат.

"Биз мамлекетибизди, кыргыз тилибизди сыйлайбыз. Ошондуктан провокациялык видео тарталы деп сунуш айтканда бизге кызыктай көрүндү", - деди официант.

Ал арада стилист Замира Молдошева жогоруда айтылгандарга жооп кылды. Ал кафе жамааты мени түшүнүшкөн жок жана аброюма шек келтиришти дейт.

"Мен чыгарган видео бир эле максатты камтыган - кыргыз тили кордолбой, ага тоготпостук мамиле жасалбаса экен деген ой болгон. Ошол сынды элден кечирим сурайт го деген ойдо айткам. Бирок бет тырмоочулук кылып, менде жок курсту айтты.

Менде тил боюнча курс болгон эмес жана эч качан болбойт. Мен тилчи эмесмин, мен дизайнермин.

Алар сурабаган кечиримди мен сурайын. Бирок кофеканадан эмес! Кыргыз элимден, тилимден, тарыхтан өзүм кечирим сурайм. Кечирип койгула. Сеники чын, меники чын деп талашкандан эч кандай пайда болбойт экен, андыктан мен бул теманы жаптым, экинчи кайрылбайм", - деди Молдошева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16167