УКМК интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн жайды аныктады
RU

УКМК интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн жайды аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү көмүскө жай аныкталды. УКМКдан маалымдашкандай, сойкукана уюштурууга шектелген аял тергөөдөн жашырынып жүргөн.

Коопсуздук комитети тарабынан ички иштер органдары менен биргеликте сойкулукка тартуу жана көмөктөшүү, интимдик жайларды уюштурууга бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө "vibish.com" сайты аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталды.

16-майда шектүү катары М.К.Ш аттуу жаран жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал мурда козголгон кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири болгон.

"Кармалган жаран тергөөдөн жашырынып жүргөн. Ошол эле учурда ал сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмыштагы шеригин актоо үчүн башка күбөлөрдү да жашырган. Ошондой эле иликтөө иштеринин жүрүшүндө жарандарды эркинен тышкары күч колдонуп кармап, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу да маалыматтар алынган", - дешет комитеттен.

УКМК сойкулукка тартуу жана интимдик жайларды уюштуруу боюнча КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16171