"Энелерге жан курман". Президент Энелер күнү менен куттуктады
RU

"Энелерге жан курман". Президент Энелер күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.

"Асылзат апалар! Сүйүүктүү энелер!

Эненин бийик зоболосун ондогон кылымдар бою нарк-насил менен жашап келген кыргыз элинин турмушу ар тараптан ырастап турат. Азыр да кыргыз наркында эненин орду бийик!

"Дүйнөнүн түркүгү – энелер" деген акылман элибиз.

Эненин кучагындай бекем кучак болбос, эненин мээриминдей күчтүү сезим болбос. Кандай адам болбосун, кайсы жерде жүрбөсүн, эне мээрими аны ар дайым эңсетип, эне кучагына чакырып турат. Себеби жашообуздун жарыгы, өмүрүбүздүн чырагы – Эне. Ошондуктан жалпыңыздарды жарык дүйнөгө алып келген энелерибизди урматтоо менен алардын теңдешсиз мээримине ар дайым таазим этүүгө чакырам", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16183