Аялдардын тандоосу: Кыргызстандык кыз-келиндер эмнеге Ozon`дун пункттарын ачып жатышат
RU

Аялдардын тандоосу: Кыргызстандык кыз-келиндер эмнеге Ozon`дун пункттарын ачып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда маркетплейстер барган сайын кеңири таанылууда. Республикада Ozon`дун иштей баштаганы жергиликтүү сатуучулар үчүн гана эмес, ошону менен бирге буйрутмаларды берүү пункттарынын ээлери үчүн да кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Экинчи вариантты көптөн бери өз бизнесин баштагысы келип жүргөн, кошумча киреше таап, финансылык эркиндикке жетүүнү каалаган аялдар тандап жатышат. Ошондуктан пункт ачуу темасына кененирээк токтололу.

Буйрутмаларды берүү пункттарын ачып, бизнес жүргүзүү – КМШда акыркы жылдары күч алып жаткан тренд

Ozon`дун статистикасы көрсөткөндөй, 10 кардардын ичинен 8и товарларын буйрутмаларды берүү пункттарынан алып кеткенди артык көрүшөт. Ошол эле учурда Кыргызстандын жашоочулары керектүү нерселердин баарын маркетплейстерден алдыртканды туура көрүшөт – бул жерден азык-түлүктөрдү да, курулуш материалдарын да, кийим-кечелерди жана башка көптөгөн нерселерди табууга болот. 2023-жылы бул аянтчада сатып алуучулардын саны 31 пайызга, ал эми буйрутмалардын саны 2,1 эсе көбөйдү.

Буйрутмаларды берүү пунктун ачуу – бул өндүрүштү ишке берүүгө же мисалы, дүкөн ачууга салыштырмалуу аз инвестицияны талап кылган жөнөкөй жана түшүнүктүү бизнес. Кыргызстандын кыз-келиндери мындай пунктту ачкандан кийин адатта өздөрү ошол жерде иштеп калганы менен, мындай бизнес кошумча киреше булагы болуп бериши ыктымал жана көп убакытты деле талап кылбайт. Убакыттын өтүшү менен пункттун ээлеринин көбү назардын баарын кызматкерлерди тандоого, атүгүл пункттун бүтүндөй тармагын түзүүгө бурушат.

Эмне үчүн Ozon?

Платформа кайсы өлкөгө келсе ошонун ар бир аймагында жергиликтүү ишкерлерди колдойт. Эсептерге караганда, буйрутмаларды берүү пункту орточо алганда жарым жылга чейинки мөөнөттө өзүн-өзү актай баштайт. Ошондуктан пунктту ишке киргизгенден кийинки алгачкы алты айда Ozon материалдык жардамды төлөп берет – пункттун ээси 280 000 сомго чейин ала алат. Бул акчаны бизнести өнүктүрүүгө, жарнама берүүгө же ижара акысын төлөөгө жумшаса болот.

Маркетплейсти колдоо "чү" дегенде эле башталат – сайтта өтүнмөнү толтуруу этабында эле болочоктогу франчайзи багыт берүү картасын алат. Бул картада буйрутмаларды берүү пунктун ачуу үчүн өзгөчө ыңгайлуу жерлер көрсөтүлүп, ошону менен бирге келечектеги кирешенин болжолдуу деңгээли да эсептелип чыгат.

Пункт орун ала турган жер жактырылганда агенттик келишимине жана ижара келишимине кол коюлат, ушундан кийин косметикалык ремонт жасап, жасалгалоого өтсө болот. Кененирээк брендбукта бар, ал эми дагы суроолор жаралса, аймактык менеджерден кеңеш сурай аласыз.

Ozon материалдарды жана көрнөк-жарнакты акысыз берип, кызматкерлерди окутат. Аянтча жандуу баарлашууну кепилдейт – менеджер жардамга келет, Telegram`да жалпы тайпа бар, башка пункттардын ээлери менен жабык чат иштейт, дагы бир пунктту ачууга каалоо пайда болсо, ага да колдоо көрсөтүлөт. Жаңы пункт ачылгандан кийин тиркеме аркылуу Ozon өзү кардарларына бул тууралуу билдирүү жөнөтөт, ал эми жаңы дарек ошол замат бардык карталарда пайда болот.

Эмнелерге көңүл буруш керек

Бир нече маанилүү учурлар бар. Жеке ишкер же юридикалык жак гана Ozon`дун өнөктөшү боло алат. Эгерде мындай статусуңуз болбосо, анда каттоодон өтүш керек.

Буйрутмаларды берүү пунктунун ээсинин ийгилиги (жана жыйынтык кирешеси) локацияны туура тандаганга жараша болот. Имарат 25 чарчы метрден кем болбой, трафикти түзүүчү объекттерге жакын жайгашууга тийиш. Мисалы, соода жана кеңсе борборунун жанында болсо жакшы. Адамдар жумушка, окууга же үйгө бара жатканда жолдон кайрылып, кире кеткенге ыңгайлуу болушу керек.

Сатып алуучулар буйрутмаларды берүү пункттарына көнүп калышат жана мында кызматкерлердин салымы эбегейсиз, кызматкерлердин кардарды күлүп-жайнап тосуп алганы абдан маанилүү. Ремонт иштери жана товарларды кампада жайгаштыруу менен күйөөсү алектенип, администратордун милдетин аялы аткарып, балдары да жардам берип, пункт үй-бүлөлүк бизнеске айланган күндө да кардарларды жакшы маанай менен тейлөө өтө маанилүү.

Алгачкы салым жана кирешелер

Ишти баштап жатканда негизги чыгымдар – бул пункт жайгашчу жайдын ижара акысына жана ремонтко кеткен акча. Пункттун ичинде кампа, текшерип, ченеп көрүү үчүн бир-эки бөлмө, администратор үчүн стол жана отургуч болушу керек. Техникадан компьютер же ноутбук, штрих-коддордун сканери жана принтер керек болот. Эмерек жана кеңсе техникасы жаңы болушу шарт эмес, негизгиси жакшы абалда болсун. Кассалык аппараттын кереги жок. Бардык эсептөөлөр аянтча аркылуу жүргүзүлөт, ал эми салык кызматы үчүн жыйынтыктар жана отчеттор тиркемеде ай сайын түзүлүп турат.

Негизги киреше – кардарларга берилген буйрутмалар үчүн сыйакы. Бул алардын наркынын 3,7% түзөт. Буга кошумча алгачкы жарым жылда 280 000 сомго чейин кепилденген колдоо да берилет. Ошондой эле сатуучулардан товарларын кабыл алып, башка логистикалык компаниялардын буйрутмаларын жеткирип да кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Буйрутмаларды берүү пунктун ачуу – бул эч нерсе өндүрбөгөн жана сатпаган, бирок өзү үчүн иштегиси келген же кошумча киреше алууну каалаган кыргызстандык кыз-келиндерге ылайыктуу бизнес. Бул үчүн сөзсүз эле борбордо жашаш керек деген шарт жок, ушул тапта чакан шаарларга ушундай пункттар өтө керек болуп турат. Биринчи кадамды таштаңыз – бул үчүн сайтка кирип, өтүнмөнү толтуруңуз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16395