Бакай Банк кадрдык потенциалды түзүү менен келечекке инвестиция жасоодо
RU

Бакай Банк кадрдык потенциалды түзүү менен келечекке инвестиция жасоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансылык-экономикалык техникумдун (БФЭТ) студенттери үчүнчү курстан баштап "Бакай Банк" уюштурган тестирлөөдөн өтүшөт. Бул тест студенттердин потенциалын кайсы бөлүмдө жакшы ача аларын аныктайт. Тестирлөө ийгиликтүү өткөн соң студент окуу менен жумушту айкалыштырам деп макулдашылса анда банкта такшалмадан өтө баштайт.

Банктын кызматкерлери техникумдун окутуучулары менен биргеликте өткөргөн түрдүү иш-чара, конференцияларга катышып, келечектеги каржы адистери менен билимдерин активдүү бөлүшүп келишет. Алар мындан тышкары дипломдук жактоо иштеринде кабыл алуу комиссиясынын мүчөлүгүнө киришет. Бул банкка техникумдун мыкты бүтүрүүчүлөрүн байкап, жаңы таланттуу кызматкерлерди табууга мүмкүнчүлүк жаратат.

"Бакай Банк" техникумдун студенттерине келечектеги финансист адистерин даярдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык катын жолдоп турат. Бир нече жылдан бери банк менен техникум квалификациялуу кадрларды даярдоо жана сертификаттоо жаатында кызматташып келет.

"Бакай Банкта" стажировка үчүн татыктуу сумма төлөнөт. Ал эми студенттер окуусун аяктаган соң айлык акысы каралып, толук жумуш күнү менен ишке орноштурулат. Өлкө боюнча бизде 100дөн ашык бөлүм бар, андыктан жаш адистердин Бишкекте гана эмес, өздөрү жашаган аймакта да ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү бар", - деп белгиледи "Бакай Банктын" "ВИП борбору" филиалынын директору Бакай Курманбеков.

Бишкек финансылык-экономикалык техникумунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Екатерина Юдахина "Бакай Банк" менен кызматташуу бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу маселесин бир кыйла жеңилдеткенин кошумчалады.

"Бизде көптөгөн предметтер боюнча банк кызматкерлери сабак беришет. Мындай жагдай студенттердин актуалдуу жана практикалык сабактарды үйрөнүүсүнө шарт түзөт. Биз сөзсүз түрдө банк менен кеңешип, алар келечектеги адистерден эмне күтүшөрүн, студенттерге эмнелерди үйрөтүү зарыл экенин сурап туруп окуу планын түзөбүз. Башкача айтканда, учурда жумуш берүүчүлөр менен абдан тыгыз иштешебиз. Студенттерибиздин дээрлик 80 пайызы мамлекеттик экзамен тапшырып бүтүп эле жумушка орношушат", - дейт Екатерина Юдахина.

Банк менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы мындай тыгыз кызматташтык өлкөдө ийгиликтүү карьера курууга ишеними бар жаштардын келечеги үчүн мыкты өбөлгө түзүүдө.

"Жыл сайын банк Финансылык-экономикалык техникумдун 50дөн ашык студенттерин жумушка кабыл алат. Эмгек жолунда жакшы ийгиликтерге жетишүүгө үлгүргөн көптөгөн кызматкерлер да А.Токтоналиев атындагы Бишкек-финансылык техникумунун бүтүрүүчүлөрү. Биз техникумдун окутуучулар курамынна жана жетекчилигине ушундай жогорку квалификациялуу адистерди даярдашканы үчүн ыраазыбыз", - деп белгиледи Бакай Курманбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16462