Үйдүн короосунан үч велосипед уурдалды. Шектүу адам кармалды
RU

Үйдүн короосунан үч велосипед уурдалды. Шектүу адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү Б.О. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, үйүнүн короосуна белгисиз бирөө кирип анын "Okelon" үлгүсүндөгү үч велосипедин уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып,

сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 29 жаштагы Т.Р. атуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/165