Бишкекте сойкулук менен алектенет делген 50дөй кыз-келин милицияга жеткирилди
RU

Бишкекте сойкулук менен алектенет делген 50дөй кыз-келин милицияга жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте милиция кызматкерлери "Притон" аталышындагы рейд жүргүзүүдө. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, сойкулук менен алектенген 50дөн ашык кыз аныкталды.

Рейд кыз-келиндерди соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштардын алдын алууга, сойкулук менен алектенген адамдарды, көмүскө жерлерди, мейманканаларды, сауна жана башка жайларды аныктоого багытталган.

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында сойкулук менен алектенген 50дөн ашык кыздар аныкталып, райондук ички иштер бөлүмдөргө жеткирилди. Алар менен адеп-ахлактын эрежелерин сактоо, коомчулукта мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы түшүндүрүлдү", - дешет милициядан.

Башкармалыктан үй-комитеттери жана көп батирлүү турак жайларды, ал батирлер кандай максатта пайдаланылып жатканын текшерүү жана аныктоо боюнча иш-чаралар улантыларын эскертет.

Эгерде ушул сыяктуу көрүнүштөгө күбө болуп же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо 102 кыска номерине кабарлоону милициядан суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17501