Тамактануучу жайга бойкот жарыялаган жигиттерге кылмыш иши козголду
RU

Тамактануучу жайга бойкот жарыялаган жигиттерге кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында жайгашкан соода борбордогу тамактануучу жайлардын бирине белгисиз адамдар кирип барып, "бойкот" чуу чыгарышкан. Алар өздөрүнүн аракеттерин интернет тармактарындагы аккаунттарына жарыялашкан.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Бул туурасында шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Анын жыйынтыгында 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И., аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17748