Депутат Кубанычбек Жумалиевден $160 миң доолаган адам кое берилди
RU

Депутат Кубанычбек Жумалиевден $160 миң доолаган адам кое берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Кубаныбек Жумалиевден $160 миң доолады деп шектелген адам камактан кое берилди. Бул тууралуу Kaktus.media'га адвокат Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 21-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Нурдин Ибраимов, шектелүүчүнүн ким экенин так аныктабай туруп, үй-камагына чыгарып жиберген.

"Биз сөзсүз даттанып, прокуратура Бишкек шардык сотко аппеляциялык сунуш киргизүүсүн талап кылабыз. Мындай кылмышкер эркиндикте жүрбөш керек, анткени ал башка адамдардан акча опузалап уланта бериши мүмкүн. Анын башка кылмыштарга да тийиштиги текшерилген жок", - деди Жумашев.

Эске салсак, 20-декабрда Бишкек шаарынын, Биринчи май районунун РИИБсинин кызматкерлери опузалоого шектүү деп чиновниктердин биринин жардамчысы болуп жүргөн имиш жаранды кармашкан. Шектелүүчү Жумалиевге карата Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн $160 миң доолаган.

Бишкектин ИИББ билдирүүсүнө ылайык, камакка алынган жаран 1996-жылы туулган Т.А., Бишкек шаарында апасы менен бир турат, убактылуу эч жерде иштебейт, кылмышка материалдык кыйынчылыктардан улам барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/177