Каракол шаарында эже-сиңди кыздар дайынсыз жоголду. Табышууга жардам сурайбыз
RU

Каракол шаарында эже-сиңди кыздар дайынсыз жоголду. Табышууга жардам сурайбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол ШИИБи дайынсыз жоголгон жашы жете элек балдарды издөөгө жардам берүүңөздөрдү суранат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

29-май күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 47 жаштагы облустук борбордун тургуну кайрылып, 28-май күнү саат 10:00 чамасында анын жашы жете элек кыздары, 16 жаштагы Аделя менен 10- жаштагы Мырзайым, үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин жана улуу кызынын уюлдук телефону өчүп калганын айткан.

Кыздардын белгилери: Аделдин бою 155-160 см, арыкчырай, ийнинен ылдый кара түз чачтуу, кара тегерек көз, сүйрү бет, кара каш, кырдач мурун.

Ал узун көйнөк, джинсы куртка, бутунда ак кроссовка кийип жүргөн.

Мырзайымдын белгилери: бою 130-140 см, арыкчырай, кара чачтуу, кара тегерек көз, сүйрү бет, кара каш, түз мурун.

Ал узун чакмактуу көйнөк, бутунда кызгылтым бут кийим кийип жүргөн.

Кыздар кыргызча дагы, орусча дагы жакшы сүйлөшөт.

Бул жашы жете элек кыздарды таанып, алардын турган жерин аныктоого көмөктөшө тургандар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыздар: 03922 5 13 80, 5 84 13, 0701 54 91 02 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1793