Көчөдөгү кооптуу көпүрө. Ауэзов көчөсү. Бишкек (видео)
RU

Көчөдөгү кооптуу көпүрө. Ауэзов көчөсү. Бишкек (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки жыл мурун оңдоп беребиз деп убада беришкен, аликүнчө оңдой элек кооптонгон Бишкек шаарынын тургуну Call-борборго кайрылды.

Анын айтымында, эки жылдан бери Чүй проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөнү оңдоп-түздөөдөн өткөргүлө канкакшап келет. Бирок кулак салган киши жок.

"Эки жыл мурун мен" Бишкекасфальтсервис "ишканасынын жетекчисине телефон чалгам. Ал өзүн Мирлан деп тааныштырып бул бөлүккө Кытай тараптан грант бөлүнгөнүн айткан эле. Оңдоо иштери жакынкы аралыкта болот деп убадалаган. Андан бери канча убакыт өттү, дагы деле оңдой элек"

Окурман видеодон көпүрөнүн аңырайган тешиктерин көрсөтүп. Ошол көпүрө аркылуу кичинекей балдар күн сайын өтөөрүн айткан.

Өзүңүздөр көргөндөй көпүрөнүн алдында эч кандай тосмо жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1798