Караколдо зоопаркка келген жаран ак кууну таш менен уруп өлтүргөн
RU

Караколдо зоопаркка келген жаран ак кууну таш менен уруп өлтүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарындагы зоопаркка келгендердин бири ак кууга таш ыргыткан. Натыйжада ак куу өлүп калганын зоопарктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, тилекке каршы, коноктор көп учурда жаныбарларга таш ыргытып, таяк менен уруп, коркутуп, жаракат келтирери айтылат.

Зоопарктын администрациясы жаныбарларга катаал мамиле жасагандар айып пул менен жазаланаарын эскертет. Эгерде коноктор жаныбарларга катаал мамиле кыла берсе, алар зоопарктан чыгарылып гана тим болбостон, милицияга да кабар берилет дешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18010