Депутат кремациялоонун кыргызстандыктарга тиешеси бар-жогун тактады
RU

Депутат кремациялоонун кыргызстандыктарга тиешеси бар-жогун тактады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Нуржамал Төрөбекова кремация тууралуу мыйзам кабыл алынганда жарандардын пикири, диний ишеними жана салт-санаасы эске алынганбы деген суроо берди.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева мыйзамда жарандарды кремациялоо каралган эмес деп билдирди.

"Бул норма кызмат көрсөтүүнүн бир түрү катары гана киргизилген. Мисалы, Кыргызстанда чет өлкөлүк жаран каза болуп калса жана анын өлкөсүндө кремация салты болсо, анын сөөгүн "Жүк-200" катары эмес, күл түрүндө жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мыйзам кабыл алынганда жарандар арасында эми баары кремацияланат деген жаңылыш түшүнүк пайда болгон. Бул туура эмес. Бул жөн гана кошумча кызмат. Биздин жарандарга тиешеси жок", - деди ал.

Үсөналиеванын айтымында, учурда тиешелүү инфраструктура даяр эмес. Ошондуктан мамлекеттик агенттик бул норманы киргизүү мөөнөтүн 2040-жылга чейин жылдырууну сунуштоодо.

"Акыркы убакта Пакистандан, Индиядан жана Кытайдан келгендер көп болууда. Ошондуктан бул долбоор иштелип чыккан. Суроо-талап болсо, сунуш да болушу керек", - деди Үсөналиева.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мөөнөттү жылдырууну экинчи окууда колдошту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18036