Мэрия Бишкекте жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салынбай турганын билдирди
RU

Мэрия Бишкекте жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салынбай турганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомдук талкууга чыгарылган президенттин "Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын долбоорунда жеке автоунааларды пайдаланууга чектөө киргизүү же тыюу салуу боюнча ченемдер каралган эмес. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Жарлыктын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта шаардын транспорттук тутумунун иштешине байланыштуу учурдагы көйгөйлөр, чакырыктар жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер гана айтылган.

Ошол эле учурда анда келтирилген маселелер талдоо жана маалымат берүү максатын гана көздөйт, жарлыктын долбоорунун ченемдери болуп саналбайт дешет мэриядан.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын 2026–2030-жылдарга өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу каралган.

Муниципалитеттен шаар тургундарынын кызыкчылыктарына тиешелүү бардык чечимдер коомдук талкуунун жыйынтыктарын, эксперттик коомчулуктун пикирин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен ачык-айкын жана этап-этабы менен кабыл алынарын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18406