Өзбекстандан кыргыз тарапка өткөн айылдарда каттоо иштери башталды
RU

Өзбекстандан кыргыз тарапка өткөн айылдарда каттоо иштери башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоңгара жана Таш-Төбө айылдарын расмий өткөрүп алуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, жетишилген макулдашуулардын алкагында жер аянттарын алмашууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык иштер башталып, эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобу өз ишин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар отурукташат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган эки айылда болжол менен 2 500 адам жашайт.

Учурда айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки этапта жашоочуларга Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү боюнча тиешелүү мыйзамдарда каралган жол-жоболор ишке ашырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18431