Ысык-Көлгө ит менен сууга түшүүгө уруксат берүүнү суранышты
RU

Ысык-Көлгө ит менен сууга түшүүгө уруксат берүүнү суранышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө ит баккан айрым жарандар Ысык-Көлдө үй жаныбарлары менен сууга түшүүгө уруксат берген атайын жайларды уюштурууну сунушташты. Бул тууралуу демилгечилердин бири - Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева соцбаракчасына жазды.

"Биз, үй жаныбарларынын ээлери, тиешелүү органдардан жок дегенде чакан болсо да үй жаныбарлары менен эс алууга уруксат берилген аймактарды ачып берүүнү суранабыз", - деген.

Айтымында, ит баккандар артынан сөзсүз тазалап, иттердин эл көп эс алган жерлерди булгап кетишине жол бербеши керек. Мындай тилкелерге эмдөөдөн өткөн, адамдарга көнгөн жана агрессивдүү эмес иттер гана киргизилиши керек деген сунуш айтылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18433