Токко урунуп каза тапкан баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
RU

Токко урунуп каза тапкан баланын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Все самое интересное в Telegram

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан токко урунуп каза тапкан баланын окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Белгилесек, окуя 26-июлда саат 20:13тө катталган. 9 жаштагы Ибрахим Анарбеков арыкта ойноп жатып электр тогуна урунуп, оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк ал эсине келбей каза болду.

Маалым болгондой, 2-августта 272-берене "Тоо-кен, курулуш же башка жумуштарды аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу" боюнча кылмыш иши козголду.

"Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгынын негизинде мыйзамга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18428