Өлкөдө май куюучу жайларда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу сунушталды
Кыргызстанда май куюучу станцияларда жана ага чектеш аймактарда алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов тарабынан демилгеленип, коомдук талкууга чыгарылды.
Маалымкат-негиздемеде, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, айдоочулар үчүн алкоголдук продукциянын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүнө, мас абалында жасалган укук бузууларды жана жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга, калктын саламаттыгын сактоо жана коомдук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүүгө өбөлгө болот деп айтылат.
Ошондой эле эл аралык тажрыйбалар транспорттук инфраструктурага жакын жерлерде ичимдиктерди сатууну чектөө - жол коопсуздугун камсыз кылуунун натыйжалуу жолу экени айтылат документте.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
