УТРКнын журналистин сабаган жаран кечирим сурады
Бишкекте УТРКнын кызматкерин тартуу иштери жүрүп жатканда урган жаран кечирим сурады. Анын видеокайрылуусу социалдык тармакка жарыяланды.
Анда кол көтөргөн жаран окуя түшүнбөстүктөн улам келип чыкканын айткан.
"Мен өз күнөөмдү моюнга алып, кыргыз элинин алдында Жээнбай байкеден кечирим сурайм. Ачуулукка алдырып жибердим, мени кечирип коюңуз", - деген ал.
Белгилесек, 5-августта 31 жаштагы жаран журналистке кол көтөрүп, бир нече жолу муштум менен соккон. Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18474
