Эми Жеңиш чокусуна уруксаты барлар гана чыга алат
Эми Кыргызстанда альпинисттер Жеңиш чокусуна чыгуу үчүн уруксат алышы керек болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
"Биз Жеңиш чокусуна чыгуу үчүн уруксат берүү системасын киргизип жатабыз. Учурда чокуга чыккысы келген ар бир альпинист расмий уруксат алышы керек", - деп белгиледи агенттиктен.
Маалым болгондой, чокуга чыгууга уруксат тик учактын жардамы менен камсыздандыруусу бар, спорттук даярдыктан өткөн жана альпинизм боюнча тажрыйбасы бар альпинисттерге гана берилет.
Жакынкы аралыкта жогорку даярдыктан өткөн 20га жакын альпинистке уруксат берүү пландаштырылууда. Чокуга чыгуу үчүн уруксат берүү системасын киргизүүгө альпинист Наталья Наговицинанын каза болушу себеп болгон дешет.
Белгилей кетсек, 2025-жылы 12-августта Наталья Наговицина Жеңиш чокусуна чыккандан кийин бутунан жаракат алган. Башка альпинисттер аны куткарууга аракет кылышып, тамак-аш, суу жана жылуу кийим жеткиришкен. Бирок кийинчерээк альпинист каза болуп калган.
