Кемпир-Абаддын жээгинен адамдын башы өзүнчө, денеси өзүнчө табылды
RU

Кемпир-Абаддын жээгинен адамдын башы өзүнчө, денеси өзүнчө табылды

Все самое интересное в Telegram

Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде адамдын жансыз денеси аныкталып, башы өзүнчө табылган. Маалыматты редакцияга Ош ОИИБден билдиришти.

7-августта Өзгөн РИИБине Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде белгисиз эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, дененин күн тийген тарабы күрөң түстө болуп, баш бөлүгү жансыз денеден болжол менен 600 метр аралыкта жаткандыгы аныкталган. Күбөлөр суралып, өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - дешти башкармалыктан.

Учурда милиция маркумдун өздүгүн жана анын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18480