Ошто "Тазалыктын" жумушчусуна кол көтөргөн аял аныкталды
RU

Ошто "Тазалыктын" жумушчусуна кол көтөргөн аял аныкталды

Все самое интересное в Telegram

Ош шаарында тазалыкчыга кол көтөргөн аял аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 1-августта таңга маал Манас-Ата кичи районунда болгон. Анда белгисиз аял "Ош-Тазалык" ишканасынын көчө тазалап жаткан кызматкеринен зажигалка сурап, жок деген жооп болгондон кийин кол көтөргөн. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кол көтөргөн жаран Манас-Ата кичи районунун 1992-жылы туулган тургуну экенин аныкташты.

"Тергөөдө 34 жаштагы аял курбусу менен алкоголдук ичимдик ичип көчөгө чыкканын, мас абалда болгондуктан "Ош-Тазалыкта" иштеген жумушчу аял менен болгон окуя эсинде жок экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынары белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18442