Түндүк Кипрде бычакталган кыргызстандык кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат
Түндүк Кипрде бычакталган кыргызстандык кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жабырлануучу учурда Доктор Бурхан Налбантоглу атындагы мамлекеттик оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
"Дарылоочу доктурдун маалыматына ылайык, Ж.А`нын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Түн ичинде ал мезгил-мезгили менен эсине келген. Бейтапка бүгүн, 5-августта кошумча операция жасоо пландаштырылган", - дешет министрликтен.
Ошондой эле 6-августта жабырлануучунун жакын тууганы Түндүк Кипрге келет деп күтүлүүдө.
Кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын жаранына бычак менен кол салган Түркиянын жараны учурда оор абалда болгондуктан, анын ден соолугунун абалы мүмкүндүк бергенден кийин сурак жүргүзүү пландалып жатканы маалым болду.
