Беларуста Алманбет Анапияевдин өлүмүнө айыпталгандарга өкүм чыкты
Беларуста Минск шаардык соту кримавторитет Алмамбет Анапияевдин өлүмү боюнча өкүм чыгарды.
Айыпталуучулар (экөө тең кыргыз жарандары) Гүлжигит Абилазизов жана Бектурсун Таробаев күнөөлүү деп табылып, бири 18, экинчиси 13 жылга эркинен ажыратылды.
Сот аларды бир топ адамдар тарабынан жасалган өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп тапты.
Эскерте кетсек, Гүлжигит Абилазизов 2024-жылдын 6-августунда Казакстанда кармалып, Беларуска экстрадицияланган. Бектурсун Таробаев 2025-жылдын 15-июлунда Орусияда кармалган. Кримтөбөлдүн өлүмүнө шектүү дагы бир адам эл аралык издөөдө.
Алмамбет Анапияевдин сөөгү 2015-жылдын 18-февралында Минск шаарында унаанын багажынан табылган. Жанында Алмазбек Шакировдун атына берилген орусиялык паспорт болгон. Туугандары маркумдун ким экенин аныкташкан.
